Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

УКМК Чубак ажыга эскертүү берди


Чубак ажы Жалилов
Чубак ажы Жалилов

Мурдагы муфтий, Кыргызстандын аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловго 9-июнда расмий эскертүү берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады. "Жалилов жума намаз убагында түшкү тыныгууну бир саатка узартуу сунушун колдоп келген. Бирок бул мыйзам долбоору парламенттин тиешелүү комитетинде каралгандан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын дарегине айткан кескин билдирүүлөрү кабыл алынгыс" деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Жума намаз маалында түштөнүү убактысын бир саатка узартуу боюнча мыйзам долбоору 7-июнда парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинде талкууланып, алты депутат ага каршы добуш берген. Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов бул аракетти кескин сындап чыккан эле. (NT)

XS
SM
MD
LG