Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Газ ташыган автоунаанын жарылышынын себептери иликтенүүдө


Кырсык.
Кырсык.

Алдын ала иликтөөлөр кырсыкка газ ташыган эки автоунаа бири-бирине "көгүлтүр от" куюп жаткан кезде өрт чыкканын көрсөтүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, өрт болгон жерде коопсуздук эрежелери сакталганбы, жүк ташуучу автоунаалар турган жайга газ куйган машинелер эмне себептен киргени иликтенип жатат. Кырсык баш калаанын Фучик көчөсүндө жайгашкан "Лейлек курулуш" ачык акционердик коому ижарага алып иштеткен жүк ташуучу автоунаалардын бекетинде болгон.

Бир цистернадан экинчисине газ куйган учурда эмне үчүн жарылуу чыкканы азырынча белгисиз. 6-июнда болгон жарылуу жана өрттөн 5 жүк ташуучу автоунаа өрттөнүп кеткен. Ал жерде оңдоп-түзөө иштери менен алектенген он жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген. Алардын үчөө денесинен жүз пайыз күйүк алып каза тапты. Дагы үчөөнүн абалы оор экенин дарыгерлер кабарлашты. Ошондой эле өрт өчүрүү маалында бир куткаруучу жаракат алган. Милициянын маалыматы боюнча, кырсыктан "Аю" компаниясынын ошол жердеги кампасы да күйүп кеткен.

Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 142-беренесине ылайык иш козгоп, аны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө өткөрүп берди. (NT)

XS
SM
MD
LG