Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:28

Кара-Суудагы ажаткана кырсыгына айыптуулар жоопко тартыла элек


Кара-Суу базарындагы ажаткана кырсыгы. 2012-жыл, 3-ноябрь.

Кара-Суу базарындагы ажаткана кырсыгы. 2012-жыл, 3-ноябрь.

Бул тууралуу окуяда жакындары каза болгон жарандар Ошто атайын маалымат жыйынында билдиришти. Бир тууганы Барниса Аманованы жоготуп алган Касым Амановдун айтымында, кырсыкты иликтөө төрт жылдан бери кыймылдаган эмес.

“Ош шаардык прокуратурасы ишти өтө кайдыгер тергеди. Ош шаардык соту айыптууларды жоопко тарткан жок. Төрт адамды бөөдө өлүмгө алып келген кылмышка эч ким жазаланган жок”, -деди Аманов.

Кара-Суунун “Туратали” базарындагы ажаткананын кулап кетиши боюнча төрт адамга айып коюлган. Негизги күнөөкөрлөрдүн бири делген ажаткана ээси Муса Апышев кырсыктан аз өткөндөн кийин эле каза болуп калган. Жабырлануучулар эми анын уулу Зарлык Апышевди жазага тартууну талап кылышууда.

Ажаткананы курууга уруксат берген райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын эки адиси Хабибулла Алижанов менен Сапарбай Атамовду Ош шаардык соту алгач 10 жылга кескен. Бирок алар жасаган иштердин мөөнөтү өтүп кеткендиктен, Жогорку Сот ишти кыскартып, экөөн тең бошотуп жиберген.

Ажатканада туугандары каза болуп калгандар кырсыкка айыптуулар аларга компенсация төлөп бербегенине да нааразы болушууда. 2012-жылы ноябрь айында түбү сынып кеткен даараткана 40 орундуу болчу. Кырсыкта төрт киши каза таап, он беш адам жабыркаган. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG