Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Эрте нике кыйгандарды жоопко тартуу мыйзамы биринчи окууда өттү


Жогорку Кеңеш бүгүнкү жалпы жыйында жашы жете электерге нике кыйган молдолорду жана ага жол берген ата-энелерди жоопко тартуу боюнча Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды. Ага 69 депутат "макул", 30у "каршы" деген добуш беришти.

Эрте никеге тыюу салуу үчүн Yй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова сунуштаган. 26-майда парламент көпчүлүк добуш менен аны биринчи окууда четке каккан. Жарандык активисттер буга нааразылык билдиришип, мыйзамды колдоого эл өкүлдөрүн чакырып, ар кандай акцияларды уюштуруп келишкен. Акыйкатчы Кубат Оторбаев да документке кайрадан добуш берүү өтүнүчүн Жогорку Кеңешке жолдогон.

"Ата Мекен" фракциясы 8-июнда мыйзам долбоорду кайра добушка койгон болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG