Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Жарандык активисттер укук коргоо органдарына кайрылышты


Жарандык активисттер - Өндүрүш Токтонасыров, Бурул Макенбаева жана Динара Ошурахунова ички иштер министри, УКМКнын төрагасы, Башкы прокурорго, президенттик аппараттын жетекчилигине кат жолдошту. Анда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 10-июнга чейин башкалаада митинг өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу чечимине жана аны аткарган милиция кызматкерлеринин одоно мамилесине нааразылык билдирилген. Бул тууралуу Өндүрүш Токтонасыров "Азаттыкка" билдирди.

Укук коргоочу Токтонасыров динди саясатташтырбоого депутаттарды чакыруу максатында жана президенттикке талапкерлерге мамлекеттик тил сынагын алып салуу сунушуна каршылык иретинде бүгүн парламенттин алдына пикетке чыгууну көздөгөн. Бирок КМШ саммитине байланыштуу 10-июнга чейин бардык митингдерге тыюу салынды, деген жүйө менен тартип сакчылары ага уруксат берген эмес. Токтонасыров Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери өзүнө орой мамиле жасап, коркутуп-үркүткөнүн айтууда. Жарандык активисттердин катына укук коргоо органдары жооп кайтара элек. КМШга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин саммити 6 - 7-июнда Бишкекте өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG