Линктер

Байкоочулар АКШ соңку жылдары Ооганстанды өнүктүрүү үчүн бөлгөн акчалар пайдасыз сарпталганын билдиришүүдө. Ооганстанды реконструкциялоо боюнча уюмдун (SIGAR) атайын башкы инспектору Жон Сопка Reuters агенттигине билдиргендей, Вашингтон бөлгөн акчалар менен жетишилген ийгиликтер соңку кездери кайра жанданган талиптердин айынан дагы жокко чыгышы мүмкүн.

- Аябай көп акча максатсыз жана көзөмөлсүз эле коротулду. Акча план менен жумшалган аймактардагы жасалган иштер да коркунуч астында калды, - деп билдирди Жон Сопка.

SIGAR уюмунун баяндамасына ылайык, АКШ 2001-жылдан бери Ооганстанды өнүктүрүү үчүн бөлгөн сумманын 113 миллиард доллары жемкорлук жана туура эмес башкаруунун айынан дайынсыз кеткен.

XS
SM
MD
LG