Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Нарындын Ат-Башы районунда суунун агымы дамбаларды жырып кетүү коркунучунда турат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. 9-июнда облус жетекчиси Аманбай Кайыпов райондогу суу тосуучу дамбалардын абалы менен таанышкан. Жыйынтыгында акыркы күндөрү күндүн ысышынын натыйжасында суунун деңгээли кескин жогорулаганы байкалган. Адистер 10дон ашуун үйдү суу капташы ыктымалдыгын белгилешүүдө.

Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү тургундар менен сууну бөгөп калуу аракетин көрүүдө. Аталган министрлик Чүй каналында да суу көбөйүп, ташып кетүү коркунучунда экенин эскерткен. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG