Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Бабур театры Сирияга азгырылгандар тууралуу спектакль даярдады


"Эне жүрөгү" спектаклинен.
"Эне жүрөгү" спектаклинен.

Ош шаарында Бабур атындагы өзбек академиялык драма театры Кыргызстандан Сириядагы согушка азгырылып жаткандар тууралуу “Эне жүрөгү” аттуу спектакль даярдашты. Анда диний агымдын алдоосу менен Сирияга кеткен жигиттин тагдыры, анын үй-бүлөсүндөгү трагедия чагылдырылган.

Спектакль көрөрмандарга ушул аптада сунушталды.

Расмий маалыматтарга караганда, Ирак жана Сириядагы экстремисттик топтордун катарында 500дүн тегерегинде кыргызстандык бар. Алардын жүз чамалуусу бала-чакасы менен кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG