Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Түркмөнстан менен Ооганстан чек арасында 27 түркмөн жоокери набыт болду


Түркмөнстан картасы.
Түркмөнстан картасы.

Түркмөнстандын Лабаб жана Мари облустарына Ооганстан чек арасында каза тапкан 27 аскердин сөөктөрү жеткирилди. Маркум жоокерлер милдеттүү аскердик кызмат өтөп жатып, талиптер менен салгылашта мерт кеткени айтылууда.

“Альтернативные новости Туркменистана” басылмасы тараткан кабарга ылайык, окуя май айынын башында болгон, бирок коомчулукка эми гана жарыяланды. Бирок бул тууралуу расмий маалымат каражаттары үн ката элек. Бийлик да каза тапкандардын жакындарына көңүл айтканы же кандайдыр жардам көрсөткөнү да маалым эмес.

XS
SM
MD
LG