Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

“Нарын суу каналдын” үч кызматкери газга ууланып мерт кетишти


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

“Нарын суу канал” мекемесинин үч кызматкери газга ууланып мерт болушту. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, алар 9-июнь күнү 5 метр тереңдикте акыр-чикир өтчү түтүктү оңдоо учурунда балит суудан чыккан газга ууланышкан. Кесиптештерине жардам берүүгө түшкөн эки кызматкер да газга ууланып, ооруканага жеткирилген.

Кызмат учурунда набыт болгондор:

Талантбек Абдылдаев, 30 жашта,

Алмаз Өмүрзаков, 30 жашта,

Нурлан Дүйшөналиев, 41 жашта.

Ооруканага түшкөн кызматкерлер:

Жыргал Самсалиев, 31 жашта,

Калыбек Усупов 45 жашта. (SE)

XS
SM
MD
LG