Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Президент июнь окуясынын алты жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады


14-июнь, 2010-жыл. Ош шаары.

14-июнь, 2010-жыл. Ош шаары.

Президенттин кайрылуусунда ​ алты жыл мурдагы окуя түштүктөгү соӊку жарым кылымдагы этнос аралык үчүнчү ири жаӊжал болуп калганы, анын биринчиси 60-жылдардагы адам курмандыгына алып келген кагылыш бийликке да, коомго да сабак болбой, 1990-жылы кайталанганы айтылат.

Буга ошол кездеги бийликтин өзгөрүүлөрдү жасоо ордуна окуяларды батырак унутуу аракети себеп болгону жазылган.

"Бул көрүнүштөн улам 20 жылдан кийин – 2010-жылы июнда кайрадан этнос аралык араздашуу чыкты. Анткени, өчүрүлбөй калган чокту тутандыруу оӊой экени эске алынган эмес. Анын үстүнө акча менен бийлик дегенде баарына даяр сепаратисттер менен улутчулдар араң эле турушкан",- деп айтылат анда.

Мамлекет башчы азыркы кезде улут аралык биримдикти бекемдөө боюнча аракеттер көрүлүп жатканын, көптөгөн мекендештер өздөрүн кыргыз жараны катары сезе баштаганын да белгилеген.

Ошондой эле кызыкдар күчтөр кандуу жаңжалдарды улут аралык алакадан баштай турганын айтып, бул нерсе өтө аялуу экенин унутпоого элди чакырган. Ар бир жаран өзүнүн сөздөрүнө, жасаган ишине жооптуу экени эскертилген.

2010-жылдын 10-июнунда башталган улут аралык жаңжалда беш жүзгө жакын адам каза тапкан. (NT)​

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG