Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

“Кумтөр” кенинде өндүрүш токтосо, анда иштеген жумушчулар жана алардын үй-бүлөлөрү жапырт нааразылык акциясына чыгышат. Бул тууралуу кенде иштеген кесиптик кошуундун президент, спикер жана премьер-министрге жолдогон ачык катында айтылат.

Анда “Кумтөрдү” иштетүү боюнча талаш-тартыштар, соттук териштирүүлөрдөн улам иш токтоп калуу коркунучунда турганы, мындай учурда 3 миңден ашык адам жумушсуз калары, алардын 70 пайызы банктардан алган насыяларын төлөй албай калары да белгиленген. Буга байланыштуу жумушчулар кендеги ишти үзгүлтүккө учуратпоону талап кылууда. Иштин токтошуна жооптуу атканминерлерди жазалоону президент Алмазбек Атамбаевден өтүнүшүп, талаштуу маселелерди сүйлөшүү, мунаса жолу менен чечүүгө чакырышкан.

Бишкектин район аралык соту “Кумтөр" кени боюнча жаңы ишти карап жатат. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги “Кумтөр Оперейтинг компани” кенди казууда экологиялык талаптарды бузуп, айлана-чөйрөнү булгаган деп доо-арыз менен сотко кайрылып, 15,7 миллиард сом өндүрүп берүүнү суранган.

Буга чейин аталган инстанция Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын айлана-чөйрөнү коргоо эрежелери сакталбады деген доосун толук канааттандырып, канадалык компанияны 7 миллиард сом төлөп берүүнү милдеттендирген.

“Центерра Голд” компаниясы бул чечимге макул болбой Бишкек шаардык сотуна, Жогорку сотко, андан кийин эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын билдирген. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG