Линктер

Ош шаарында 2010-жылдагы июнь окуясында каза тапкандарды эскерүүгө маркумдардын үй-бүлөлөрү, жакындары, жабыркагандар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келишти.

Митинг-реквиемде “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине гүл коюлуп, улуттар аралык ынтымактын символу катары “Тынчтык коңгуроосу” кагылды.

Вице-мэр Замирбек Аскаров 2010-жылы жеке кызыкчылыгын көздөгөндөрдүн сөзүнө кирип, араздашкан эки элдин мамилеси бүгүн мурдагы калыбына келип, ынтымак-ырашкердик менен чогуу жашап жатканын айтты.

Аны менен катар бийлик өкүлдөрү Ош окуясында каза болгондордун үйлөрүнө барып куран окутушту.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. (NT/ErN)

XS
SM
MD
LG