Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору кызматына талапкерлерди каттоо 10-июнда башталды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, каттоо 20-июнда аяктайт.
Мурдагы ректор Ашыралы Зурдинов 1-июнда өз арызынын негизинде кызматтан алынган. Анын милдетин аткаруу проректор Нурлан Биримкуловго жүктөлгөн эле.
Медакадемиянын жетекчисин шайлоо боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин, өкмөт аппаратынын өкүлдөрү кирген. Алар талапкерди каттоо мыйзам чегинде өттү деп тапса, ректор 1-июлга чейин шайланат. (NT)