Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Нарын: газга уулануунун чоо-жайын атайын комиссия иликтейт


Нарын шаарында кудуктагы газга ууланып каза болгондордун өлүмүнүн себептерин иликтөө боюнча комиссия түзүлдү.

Бул тууралуу "Нарын суу канал" ишканасынын жетекчиси Нурлан Максүталиев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, уулануудан каза тапкан үч жана ооруканага түшкөн эки жумушчу коопсуздук эрежелерин сактаган, аларда газга каршы каражат, атайын коргоочу кийимдери бар болчу:

- Окуя жарылып калган түтүктүн суусун сордуруп, жаңы түтүккө алмаштырып бүткөндөн кийин болуп жатат. Бешөө сыртка чыгып келатканда арттан бир дабыш чыккан экен. Аны карайм деп артында келе жатканы бурулуп ууланган экен. Аны чыгарам деп экинчиси, анан үчүнчүсү эсин жоготуп жыгылган. Эки жумушчуга тез жардам көрсөтүлүп, өмүрү сакталып калды.

Нурлан Максүталиев жумушчулар кудукту оңдоп жаткан кезде түтүк жарылган деген маалыматты экспертиза иликтей турганын кошумчалады.

Окуя болгон жерге барган облустук куткаруу кызматкерлери коопсуздук эрежелери сакталбаганын байкашкан.

9-июнда “Нарын сууканал” мекемесинин беш жумушчусу 5 метр тереңдикте акыр-чикир өтчү түтүктү оңдоого түшүп, кир суудан чыккан газга ууланышкан. Алардын үчөө каза болуп калды. (NT/MiK)

XS
SM
MD
LG