Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

ӨКМ: кыргыз-тажик чек арасындагы өрткө эреже бузуу себеп болгон


Кырсык.
Кырсык.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жолдун боюнда күйүүчү май ташыган автоунаалардын өрттөнүшүнө коопсуздук эрежелердин сакталбаганы себеп болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, адистер кырсык коопсуздук эрежелерин бузгандыктан улам келип чыкканын маалымдашкан.

Лейлек району менен Тажикстандын чектешкен аймагында 10-июнда күйүүчү май ташыган автоунаалар өрттөнүп кетти. Алардын бири Кыргызстандын, экинчиси Тажикстандын жаранына таандык. Өрт бир машинеден экинчисине май куюп жаткан учурда чыккан.

Каргашалуу окуядан кыргызстандык бир жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ал Тажикстанга аткезчилик менен күйүүчү май алып баратканы кабарланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG