Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Июнь окуясы боюнча кылмыш иштерин иликтөө уланууда


Чай үстүндө.
Чай үстүндө.

Мекемелер аралык тергөө топтору 2010-жылдын июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнү улантууда. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, кандуу окуялар боюнча 5 646 иш козголгон. Анын 3 346сы Ош шаары, 1 303ү Ош облусу жана 954ү Жалал-Абад облусуна тиешелүү. Аскер прокуратурасы 43 ишти карап жатат.

Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө 532 адамга карата козголгон 336 кылмыш иши сотко ашты. Анын ичинен 488 жаранга карата козголгон 286 иш каралып, ар кандай жазалар берилген. 3900 кылмыш иши токтоп турат. Анын ичинде 47 иш шектүүлөрдүн кай жерде экени белгисиз болгондуктан карала элек. Бул иштердин көпчүлүгү уурулукка байланыштуу.
Кандуу калаба учурунда жоголгон ок атуучу курал-жарактардын 195 даанасы, 25 330 ок-дары кайтарылган. (NT)

XS
SM
MD
LG