Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Клинтондун Трампка берген жообу интернетте популярдуу болууда


Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп
Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп

Демократтар партиясынан АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтондун атаандашы Трампка берген жообу шайлоо кампаниясы башталгандан берки эң көп окулган твит болуп, рекорд койду.

Барак Обама Клинтондун талапкерлигин расмий колдогонун билдиргенден кийин Клинтон менен Трамп "Твиттерде" кайым айтышты. Трамп өзүнүн социалдык баракчасына "Обама чынчыл эмес Хилларини колдоду. Ал дагы төрт жыл Обамалыкты каалайт, бирок Обамадан башка аны эч ким каалабайт" деп жазган.

Ага Клинтон "Өзүңдүн баракчаңды өчүрүп сал" деп жооп кайтарган.

Жооп кайтаргандан бир саат өтпөй аны 130 миң адам бөлүшүп, дагы ошончо адам "жакты" деген белгини коюшкан.

Буга чейин Клинтондун президенттик шайлоого аттангандыгын жарыялаган билдирүүсү "Твиттерде" популярдуу болгон эле. Аны 105 миң адам "жактырып", тогуз миңи бөлүшкөн.

XS
SM
MD
LG