Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:22

Молдова президенти Орусияга каршы санкцияларды улантууга чакырды


Николай Тимофти

Николай Тимофти

Молдова президенти Николай Тимофти Европа Биримдигин Орусияга каршы санкцияларды улантууга чакырды. Тимофти мындай пикирин Орусиянын Приднестровьени өз өлкөсүнөн бөлүүгө аракет кылганы менен негиздеди. Ал Приднестровье окуясын Кремлдин бөлүп-жаруу боюнча “биринчи экспертменти” деп атады.

Орусиянын аймактагы таасирин сактап калуу үчүн аракеттери Молдованын Евробиримдикке жакындашына тоскоолдук кылат. Ошондуктан, АКШ жана Евробиримдик Орусияга карата санкцияларды узартышы керек” деп айтылат молдаван президентинин кеңсеси тараткан билдирүүдө.

Тимофти Орусия Приднестровьенин жикчилдик аракетин колдоп, өлкөнүн башка аймактарына жайылтууга аракет кылып жатканын белгилеген.

Приднестровье 1990-жылы СССР курамындагы Молдова Республикасынан өз алдынча бөлүнүп, өзүн-өзү республика деп жарыялап алган. Бирок ошондон бери эл аралык коомчулук аны өзүнчө өлкө катары тааный элек. Аймакта Орусиянын аскер бөлүгү жайгашкан.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG