Линктер

Орус камагынан бошотулган украиналык учкуч, Жогорку Раданын депутаты Надежда Савченко өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү айтып чыкты. Савченко өз сунушун Украинанын саясий жаңылануу зарылчылыгы менен түшүндүрдү.

“Украин эли азыркы өкмөткө караганда жакшысына татыктуу” деп билдирген Савченко Associated Press агенттигине маегинде. Анын пикиринде учурдагы өкмөт 2014-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки элдин үмүтүн актай алган жок.

7-июнда Надежда Савченко Украина чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин лидерлери менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип чыккан. Ал жикчилдер менен түз сүйлөшүү Украина, Орусия, Франция жана Германия катышкан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө караганда пайдалуу деп эсептерин айткан эле.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG