Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

Аргентина орусиялык Russia Today каналын акысыз көрсөтүүнү токтотот


Аргентинанын бийликтери орусиялык Russia Today телеканалын акысыз көрсөтүүнү токтотуу чечимин кабыл алды. 11-июнда жарыяланган маалыматка ылайык, аталган чечим 60 күндөн соң күчүнө кирет.

2014-жылы англис тилиндеги Russia Today каналы Аргентинанын мамлекеттик телетүйүнүнө киргизилген. Анын алкагында Аргентинанын аймагынын 80 пайызында акысыз көрсөтүлчү. Бул өлкө тарыхындагы чет элдик каналга биринчи жолу мындай макам берилген.

Эксперт Андриан Салбучи Аргентина бийликтери Russia Today телеканалын мамлекеттик телетүйүндөн чыгаруу менен өлкөдөгү каналдарга жыштык берүүнү көздөп жатышы мүмкүн деген пикирин билдирди.

Russia Today Аргентинанын мындай чечими Орусия менен бул өлкө ортосундагы достук мамилеге туура келбейт деп билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG