Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Жумгал: Көкөмерен дарыясы ташып, жолду жууп кетүү коркунучу жаралды


Жумгал районундагы Көкөмерен дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, жаңыдан курулуп жаткан түндүк-түштүк кошумча жолун каптап кетүү коркунучу жаралды. Бул тууралуу Жумгал районунун тургундары кабарлашты. Маалыматка караганда, күндүн ысышы менен дарыя кирип, жолду жууп кетүү коркунучу туулуп жатат. Буга байланыштуу дарыянын Өрнөк айылына кетчү жээги шагыл менен тосулууда. Бирок каптап кетүү коркунучу сакталууда.

Ош - Бишкек жолуна альтернатива болчу түндүк-түштүк же башкача айтканда, Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Балыкчы жана Жалал-Абад шаарларын бириктирген жол Кочкор - Чаек – Көкөмерен - Казарман аркылуу өтөт. Аны куруу демилгесин президент Алмазбек Атамбаев көтөрүп, курулушу 2014-жылы башталган.

XS
SM
MD
LG