Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

Сирияда шииттердин күмбөзүндө жардыруудан сегиз адам мерт болду


Сириянын маалымат каражаттарынын билдиришинче, бүгүн Дамасктын чекесиндеги райондогу жардыруудан кеминде сегиз адам набыт болуп, ондогон адамдар жараат алды. Ал эми Лондондо жайгашкан Адам укугу боюнча борбор он эки адам мерт болуп, 30дан ашыгы жараат алганын билдирүүдө.

Жардыруу Саида Зейнабдын күмбөзүнүн жанында болгон. Анда алгач дүрмөттөлгөн автоунаа жардырылса, экинчи жолу бомба курчанган жанкечти өзүн жардырып жиберген.

Мухаммед пайгамбардын жээни жана шиит имамы Алинин кызы Саида Зейнабдын күмбөзү шииттердин ыйык жайы болуп саналат. Бул күмбөздүн жанында буга чейин бир нече жолу жардыруулар орун алган. Быйыл февраль айындагы жардыруудан 80ден ашык адам курман болуп, 170тейи жараат алган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG