Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Евро-2016: Англия менен Орусиянын футбол беттешине карата коопсуздук күчөтүлдү


Француз полициясы Марселде англиялык жана орусиялык футбол күйөрмөндарынын ортосунда кагылыштардын алдын алуу аракетин көрүүдө. Бул үчүн миңден ашуун полиция кызматкерлери тартылып, коомдук тартип жана коопсуздукка көз салууда.

Футбол боюнча Европа чемпионатынын алкагында өз курамаларын колдош үчүн Марселге 70 миңден ашуун англиялык жана 20 миңдей орусиялык күйөрман келген. Англия менен Орусиянын курамаларынын беттеши бүгүн өтөт. Бул беттеш учурунда күйөрмандар ортосунда кагылыш болушу мүмкүн деп, коомдук тартипке көңүл бурулууда. Буга орус жана англиялык коопсуздук органдарынын күчтөрү да жардам берүүдө.

Футбол боюнча Европанын чемпонаты Францияда кечээ башталды. Мелдештин алгачкы күнүндө Франциянын курамасы румыниялык фтуболчулар менен беттешип, 2-1 эсебинде жеңишке жетишти. Бүгүн Уэльс менен Словакиянын, Орусия менен Англиянын, Албания менен Швейцариянын оюндары өтөт.

XS
SM
MD
LG