Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Газ ташыган автоунаа жарылганда жабыркаган төртүнчү киши каза тапты


Бишкектеги суюлтулган газ ташыган автоунаанын жарылуусунан жаракат алган дагы бир жаран каза тапты. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, өрттөн терисинин 98-100 пайыз күйүп калган жаран эсине келбей жатып, ишембиде каза болду. Буга чейин кырсыктан жабыркаган үч жаран ооруканада өздөрүнө келбей көз жумган.

Кубатбековдун маалыматында, учурда эки адам оор абалда реанимация бөлүмүндө жатат. Кайра жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан дагы үч жарандын абалы дурус.

6-июнда Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан ишкананын аймагында газ ташыган автоунаа жарылган. Андан ондон ашуун адам жабыркаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG