Линктер

Францияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынын алкагында кечээ кечинде Орусия менен Англиянын курама командалары беттешти. Марселде өткөн оюнда орус жана англиялык футболчулар 1-1 эсебинде тең чыкты. Оюндун 73 мүнөтүндө англиялык футболчу Дайер каршылаштарга гол киргизсе, орус футболчулары оюнга кошумча берилген убакытта эсепти теңдей алды.

Кечээ өткөн дагы бир оюнда Уэльстин командасы Словакиянын футболчуларын 2-1 эсебинде утту.

XS
SM
MD
LG