Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:45

УЕФА Орусия менен Англиянын футбол беттешинен кийинки кагылышты айыптады


Кагылышта 30дан ашык адам ооруканага түшкөнү кабарланды.

Кагылышта 30дан ашык адам ооруканага түшкөнү кабарланды.

Марселде кечээ кечинде болгон Орусия менен Англиянын футбол курамаларынын оюнунан кийин эки өлкөнүн күйөрмандары кагылышты. Беттеш аяктаган соң бир нече орус күйөрманы стадиондун англис фанаттары турган бөлүгүнө барып, чыр чыгарган. Ошондой эле Англиянын желегин айрууга аракет кылышкан. Коопсуздук күчтөрү көздөн жаш чыгарчу газ колдонду. Кагылышта 30дан ашык адам ооруканага түшкөнү кабарланды.

Футбол ассоциацияларынын европалык союзу (УЕФА) бул окуяны кескин айыптап, “зордук-зомбулукка баргандар футболго эч тиешеси жоктугун” билдирди. Ошондой эле УЕФАнын дисциплинардык комитети Орусия менен Англиянын күйөрмандарынын жүрүш-турушу боюнча маселени кароого ниеттенүүдө.

Футбол боюнча Европа чемпионатынын алкагында өз курамаларын колдош үчүн Марселге 70 миңден ашуун англиялык жана 20 миңдей орусиялык күйөрман келген. Бул беттеш учурунда күйөрмандар ортосунда кагылыш болушу мүмкүн деп мурдатан айтылып, коомдук тартип күчөтүлгөн.

Оюнда эки өлкөнүн футболчулары 1-1 эсебинде тең чыгышты.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG