Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Бишкек жана Оштун билим берүү башчыларына чара көрүлөт


Кыргызстандык окуучулар
Кыргызстандык окуучулар

Бишкек жана Ош шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата дисплинардык чара көрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, ушул апта соңунда министрликте 2015-2016-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча коллегия өттү. Анда аймактык окуу бөлүмдөрүнүн башчыларынын ишинин жыйынтыгы жана Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелериндеги мыйзам бузуулар талкууланды.

Маалыматта өткөн окуу жылында ата-энелер тарабынан эң көп даттануу Бишкек шаарындагы мектептерге түшкөн. Анда мектептердеги мыйзамсыз төлөмдөр, министрликтин буйругуна карабастан биринчи класска кабыл алууда сынактар өткөрүлгөнү аныкталган.

Министрликтин коллегиясы бул маселелерди талкуулап, Бишкек жана Ош шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери - Куштарбек Кимсанов менен Сауле Мейрмановага карата дисплинардык чара көрүү чечимин кабыл алды.(BkA)

XS
SM
MD
LG