Линктер

Актөбөдөгү кол салууга шектелген дагы бир адам кармалды


5-июнда Актөбөдө куралчан топтор курал саткан эки дүкөнгө жана аскер бөлүгүнө кол салышкан. Андан төрт жай тургун жана үч аскер кызматчысы каза болгон.

5-июнда Актөбөдө куралчан топтор курал саткан эки дүкөнгө жана аскер бөлүгүнө кол салышкан. Андан төрт жай тургун жана үч аскер кызматчысы каза болгон.

Казакстандын Антитеррордук борбору Актөбөдөгү терактка шектүү дагы бир адам - Арсен Танатаров кармалганын кабарлады. Буга чейин Алибек Акпанбетов жана Бакыт Куанышбаев аттуу окуяга шектүү эки адам кармалганы маалым болгон.

“Актөбөдөгү террорчулукка каршы оперативдүү штабдын иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү делген адамдар шаардагы Жаманкулов-Пушкин көчөлөрүндө жашырынып жатышы мүмкүн деген маалымат түшкөн. Бул маалымат тастыкталды”-деп айтылат Казак коопсуздук комитети тараткан билдирүүдө.

Террорчулуккка шектүүлөрдү кармоо учурунда алардын бирөө бутунан жараат алды. Шектүүлөрдөн 5-июнда “Паллада” курал дүкөнүнөн каракталган курал-жарактар табылган.

5-июнда Актөбөдө куралчан топтор курал саткан эки дүкөнгө жана аскер бөлүгүнө кол салышкан. Андан төрт жай тургун жана үч аскер кызматчысы каза болгон. Кол салгандардын 15тен ашыгы жок кылынып, дагы бир нечесине издөө салынган.

XS
SM
MD
LG