Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Адам укугу боюнча федерация кыргыз укук коргоочуларына тилектештигин билдирди


Укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова
Укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова

Адам укугу боюнча эл аралык федерация (FIDH) кыргызстандык укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдирасуловага тилектештик резолюциясын кабыл алды. Бул тууралуу Парижде аталган федерациянын башкармалыгынын жыйынына катышып жаткан укук коргоочу Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. Резолюцияда “Бир дүйнө - Кыргызстан” кыймылынын төрайымы Төлөкан Исмаилова менен “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулованы өлкө кызыкчылыгына каршы иштейт деген жалаа жабуулар болуп жатканы айтылган. Укук коргоочуларга мындай мамиле адам укугу боюнча эл аралык принциптерге каршы келери эскертилген.

Ошондой эле Адам укугу боюнча эл аралык федерация укук коргоочулар менен президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы соттошууга көз саларын, 8-июндагы соттук жараянга уюмдун эки кызматкери катышканын билдирген.

Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилова 18-майда президенттин үстүнөн сотко кайрылышкан. Буга мамлекет башчынын "Элдик парламенттин" жыйынына катышкан Абдирасулова менен Исмаилованы "грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр" деп атаганы себеп болгон.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бул боюнча алгачкы отурум 8-июнда болду. Кезектеги отурум 15-июнда өтөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG