Линктер

Түптө жоголгон өспүрүмдүн жакындары Бишкек-Каракол жолун тосушту


Түп районунда жоголгон өспүрүмдүн жакындары Бишкек-Каракол жолун тосушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” баланын атасы Мирлан Иманалиев билдирди. Алар баланы издөө иштерине тийиштүү органдар жакшы көңүл бурбай жатканын белгилешүүдө. Түштөн кийин буулган жол кечке жуук ачылган. Маалыматка караганда, облустук милиция жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы башкармалыктарынан адистери келип, издөө иштерине кошумча күч тартыларын айткандан соң жол тоскондор тарап кетишкен.

9-июнь күнү Түп айылынын тургуну 12 жаштагы Бактыяр Турганбаев Түп суусуна агып кеткен бойдон дайынсыз. (AsM)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG