Линктер

Шанхай эл аралык аэропортунда 12-июнда колго жасалган жардыргыч зат жарылып, төрт адам жаракат алышты. Бул тууралуу Кытай бийлиги маалымдады.

Шаар өкмөтүнүн кабарында, белгисиз адам жарылуучу зат куюлган бөтөлкөнү каттоо залына ыргыткан.

Андан соң ал өз кекиртегине бычак урган. Учурда жардыргыч зат ыргыткан адам оор абалда ооруканада.

Азырынча жанкечтинин тек-жайы тууралуу маалымат бериле элек. Мамлекеттик “Синьхуа” агенттиги билдиргендей, жардыргыч заттын чачырандыларынан төрт адам жабыркаган.

Жардыруудан абамайдандын иши аз убакыт токтотулуп, бирок ал кайра калыбына келтирилген.

XS
SM
MD
LG