Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:08

Чоң-Өрүктүдө нааразылык акциясына чыккандар тарады


"Керемет суу" эс алуу жайына барчу жолго тигилген боз үй.
"Керемет суу" эс алуу жайына барчу жолго тигилген боз үй.

Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында 11-июнда нааразылыкка чыккандар кечинде тарады. Алар жергиликтүү тургун Мырзажалил Тажиевдин өлүмүнө шектелген 13 адамдын жоопко тартылбаганына жана чырга себеп болгон пансионаттын кайра иштегенине нааразылык билдирип,"Керемет суу" эс алуу жайына кеткен жолго эки боз үй тигип алышкан эле. 12-июнда жергиликтүү жетекчилер нааразы болгондор менен жолугушуп, пансионат ээлери өрт боюнча күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тууралуу арызынан баш тартып, бийлик аларды суракка чакырбаса, каршылык акцияны токтоторун айтышты. Натыйжада бул талаптар боюнча бийликке он күн мөөнөт берип, тарап кетишти.

2015-жылдын 13-августунда Чоң-Өрүктүдө жергиликтүү тургун, 29 жаштагы Мырзажалил Тажиев менен “Керемет Суу” эс алуу жайынын ээси Ишенбек Ашыровдун ортосунда чыр чыккан. Мушташ учурунда пансионат ээсинин тарапкерлеринин бири Тажиевди таш менен коюп жиберген. Ал ооруканада көз жумган. Көп өтпөй мерт болгон адамдын жакындары эс алуу жайын жана Ишенбек Ашыровдун үй-мүлкүн өрттөп жиберген. Ишти Ысык-Көл райондук прокуратурасы иликтеп жатат. (AsM/NT)

XS
SM
MD
LG