Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Өзбекстан аба мейкиндиги бузулганын айтып чыкты


АН-2 учагы (иллюстративдик сүрөт).
АН-2 учагы (иллюстративдик сүрөт).

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Музрабад районундагы чек арачылар АН-2 үлгүсүндөгү белгисиз учак мамлекеттин аба мейкиндигин бир канча ирет бузганы тууралуу бийлик өкүлдөрүнө билдиришти.

Окуя 10-июнда болгонун podrobno.uz сайты жазып, тийиштүү органдар иликтөө жүргүзүп жатканын Мамлекеттик чек араны коргоо комитетине таянуу менен кабарлады.

Маалыматтарга караганда, Түркмөнстандын аймагынан келген, мамлекеттик белгиси жок АН-2 учагы болжол менен 1000 метр бийиктикте Өзбекстан аймагына 200 метрге чейин кирип, кайтып кеткен. Мындай учуу эки жолу болгон.

Чек араны коргоо комитети окуя дагы бир ирет кайталанса, өз аймагын коргоо максатында “зарыл чараларды көрөрүн” эскертти.

XS
SM
MD
LG