Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Жалал-Абадда "Санпа" окуясынын курмандыктары эскерилет


"Санпада" курман болгондорго коюлган эстелик.
"Санпада" курман болгондорго коюлган эстелик.

Жалал-Абад шаарына кире бериштеги Ош-Бишкек жолундагы Топурак-Белде алты жыл мурда болгон кандуу окуяны эскерүүгө маркумдардын жакындары, жабыркагандар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат. Жол жээгиндеги эстеликке гүл коюлуп, маркумдарга багышталып куран окулат.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдын 12-13-июнь күндөрү улут аралык жаңжал учурунда "Санпа" пахта тазалоочу заводунун жанында жүздөгөн адамдар Ош-Бишкек каттамын тосуп, жолдон өткөндөргө кол салышкан. Натыйжада он адам өлтүрүлүп, экөө дайынсыз кеткен.

Кандуу окуя боюнча 19 адам соттолуп, бирөө жашы 65тен ашканына байланыштуу 25 жылга, калгандарынын баары өмүр бою эркинен ажыратылган.

Айыпталуучулардын бири Шамшидин Ниязалиев 2013-жылы облустук соттун чечими менен 150 миң сом айыппул төлөп бошотулган. Быйыл июндун башында Башкы прокуратура мындай өкүм чыгарган Жалал-Абад облустук сотунун мурунку үч судьясына кылмыш ишин козгоду. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG