Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Бишкекте эскилиги жеткен мончо жабылды


Бишкек шаарынын мэриясы №2 мончо эскилиги жетип, авариялык абалга кептелгендиктен аны жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Шаар башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, дээрлик 60 жыл мурда курулган мончону «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын адистери текшерип чыгып, техникалык жактан абалы өтө начар деген бүтүм чыгарган. Негизги конструкцияларынын 35% урап калган имарат сейсмикалык жактан адам өмүрү үчүн кооптуу экени аныкталган.

№2 мончо Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде болгондуктан тейлөө баасы эң төмөн болчу.

Мэриянын айтуусунда, учурда Гагарин көчөсүндө жайгашкан №5 муниципалдык мончо иштөөдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG