Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Ичеги-карын илдетине чалдыккандар саны өсүүдө


Кыргызстанда ичеги-карын илдеттерине чалдыккан жарандардын саны өсүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан берки 4 ай ичинде 4,5 миң оорулуу катталды. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде 3,5 миң болчу.

Сыркоолордун 84% 14 жашка чейинки балдар.

Айрыкча Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Бишкекте оору көп катталууда.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, ичеги-карын ооруларынын пайда болушуна тазалык эрежелеринин сакталбашы, көчөдөн тамактануу, жашылча-жемишти таза жуубай жегендик жана күн ысыкта илдет пайда кылуучу микробдордун көбөйүшү себеп.

Май-сентябрь айлары Кыргызстанда ичеги-карын ооруларына чалдыккандар көп катталат. (RK)

XS
SM
MD
LG