Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

“Санпа” окуясында жабыркагандар бийликке нааразы болууда


Бүгүн 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абадда набыт болгон жарандарды эскерүү жөрөлгөсүндө "Санпа” шейиттери" коомунун мүчөсү Байыш Асанов бийлик жабыркагандарды унутуп баратканын айтып, нааразылык билдирди.

- Ошол учурдагы Убактылуу өкмөт жабыркагандардын балдарына кезексиз үй жана жер тилкесин берүү тууралуу токтом кабыл алган. Бирок ал токтомду былтыркы жылы өкмөт жокко чыгарды. Биз өкмөттүн облустагы өкүлүнө эки ирет келсек да кабыл албай койду. Демек бийлик убакыт өткөн сайын окуяны унутуп баратат, бирок биз эч качан унутпайбыз, - деди Асанов.

Ал эми "Азаттык" бул боюнча комментарий сурап облустук бийликке кайрылганда өкмөттүн токтому тууралуу айтылган нааразылык эч негизсиз экенин билдиришти.

Бишкек – Ош унаа жолунда Июнь окуясында курман болгондорго арналып орнотулган монумент жанында өткөн эскерүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жабыркагандар катышты.

Расмий маалыматка караганда, 2010-жылдын Июнь коогасында 442 адамдын өмүрү кыйылган. 12-июнь күнү Ош – Бишкек автожолундагы "Санпа" пахта тазалоочу заводунун жанындагы каргашада 16 адам набыт болуп, экөө дайынсыз жоголгон. Ошондой эле 9 унаа өрттөлгөнү айтылат.

"Санпа" окуясына тиешеси бар деген 19 адам кармалып, алардын 17си өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG