Линктер

Депутат Шадиев Айыл чарба министрлигин жоюу керек деп эсептейт


Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты, Бюджет жана каржы маселелери боюнча комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев Айыл чарба министрлигин жоюш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн комитетте айыл чарбасына берилүүчү жеңилдетилген насыя маселеси талкууланып жатканда айтты.

- Министрликте 5500 адам иштейт, бюджеттен 5 млрд 620 млн сом алат, бирок кылган ишинин дайыны жок, баары башаламан. Минстрликти жоюп, андан түшкөн каражатты дыйкандарга үстөк пайызсыз насыя катары бериш керек, - деди Шадиев.

Жогорку Кеңеште депутаттар тобу дыйкан-фермерлерге берилүүчү насыянын пайыздык үстөгүн азыркы 10-11ден 7ге түшүрүүнү сунуштоодо.

Бирок каржы министрлиги буга каражат жок экенин айтууда. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG