Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Швециялык институт: АКШ жана Орусия ядролук дүрмөттөрүн акырын кыскартууда


Стокгольмдо жайгашкан Эл аралык тынчтык илим изилдөө институту дүйнөдөгү эң ири ядролук өлкөлөр өзөктүк куралдарын акырындап кыскартууда, бирок потенциалын арттыруу үчүн модернизациялап жатканын билдирди. Институттун 13-июнда жарыяланган жылдык баяндамасында, өткөн жылга салыштырмалуу тогуз ядролук өлкөдө өзөктүк дүрмөт 455ке кыскарганы айтылат. Маалыматка караганда, АКШ, Орусия, Улуу британия, Франция, Кытай, Индия, Пакистан, Израил жана Түндүк Кореяда, жалпысынан быйылкы жылдын башына карай 15395 ядролук дүрмөт болгон. Анын ичинен 4120сы оперативдүү колдонууга жайгаштырылган. Ал эми 2015-жылдын башына карай дүйнөдө 15850 ядролук дүрмөт болгон.

Стокгольм институнун маалыматы боюнча, быйылкы жылдын башына карай Орусияда 7290 дүрмөт, АКШда 7000 дүрмөт бар. Францияда 300, Кытайда 260, Англияда 215, Пакистанда 110-130, Индияда 100-120, Израилде 80, Түндүк Кореяда 10 дүрмөт катталган. (AiT)

XS
SM
MD
LG