Линктер

Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер болуу маселесин иш жүзүндө чечкен Дональд Трамп Орландодо 50 адамдын атып өлтүрүлүшүнө байланыштуу пикирин 12-июнда билдирип, анын мусулмандардын АКШга кирүүсүнө тыюу салуу тууралуу сунушу “туура” болгонун белгиледи.

Ал “Орландо окуясын башталышы” деп атап, “биздин бийлик башчылар алсыз, аларды чечкиндүүрөөк болуп, тыюу салууга чакырганмын” деп кошумчалады. Трамп ошондой эле Барак Обаманы кызматтан кетүүгө, ал эми Хиллари Клинтонду президенттик жарыштан чыгууга чакырды. (AiT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG