Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:45

Ангела Меркель Кытайга иш сапары менен барды


Германия канцлери Ангела Меркель Бээжин университетинин студенттери менен жолугушууда Кытай мыйзам аркылуу башкарууга муктаж болгонун айтты. Кытайда үч күндүк сапар менен жүргөн Ангела Меркель көз карандысыз сот системасына ээ болуу Кытай үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

12-июнда Кытайга келген канцлер Меркель Бээжин университетинде студенттер менен жолугушууда мыйзамдын реалдуу үстөмдүгүнүн маанисине токтолду. “Бул - сот системасы саясатка карабай мыйзамга ылайык чечим кабыл алат, баары мыйзам алдында бирдей, соттук жол-жоболор жана чечимдер ачык болуш керек дегенди билдирет" деп айтты канцлер айым. Ал мыйзамдын үстөмдүгү мамлекеттин туруктуулугун сактарын белгилеген.

Ангела Меркелдин сөзү Кытайда жарандык активисттерди жана укук коргоочуларды кысымга алуу күчөгөн мезгилге туш келди. Германия канцлери Кытайдын лидери Си Цзинпин менен жолугушат. (AiT)

XS
SM
MD
LG