Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

«Кумтөр» компаниясы Эмгек кодексин бузгандыгы үчүн айыпталууда


"Кумтөр" компаниясы.
"Кумтөр" компаниясы.

Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын 13-июнда тараткан билдирүүсүндө айтылат. Маалыматка караганда, соңку алты жыл аралыгында «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасы Кыргызстандын Эмгек кодексинин эрежелерин сактабай келет.

Буга жумуш учурунда капилет кырсыктан каза тапкан Александр Жевнаренко боюнча аталган компаниянын жетекчилиги акт түзбөгөнү, муну менен мыйзам бузулганы мисал келтирилген. Бишкектин Октябрь райондук сотунун, Жогорку соттун чечимдери аткарылбай жатканы жазылган. Мындан улам Кылмыш-жазык кодексинин 338-беренесине ылайык иш козголуп, компания президенти Дэниэл Дежарденди жоопко тартуу маселеси каралып жатат.

Ал арада Бишкектин район аралык соту “Кумтөр" кени боюнча жаңы ишти териштирүүдө. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги “Кумтөр Оперейтинг Компани” кенди казууда экологиялык талаптарды бузуп, айлана-чөйрөнү булгаган деп доо-арыз менен сотко кайрылып, 15,7 миллиард сом өндүрүп берүүнү сураган. Ага чейин бул инстанция Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын айлана-чөйрөнү коргоо эрежелери сакталбады деген доосун толук канааттандырып, канадалык компанияны 7 миллиард сом төлөп берүүнү милдеттендирген. “Центерра Голд” компаниясы бул чечимге макул болбой Бишкек шаардык сотуна, Жогорку сотко, андан кийин эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG