Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Фаллужадан 4 миңдей жай тургун чыгарылды


Ирак аскер күчтөрү чабуул алдында.
Ирак аскер күчтөрү чабуул алдында.

Ирактын армиясы коопсуз өтмөк түзүп берген соң, жоочулардын көзөмөлүндөгү Фаллужа шаарынан 4 миңге жакын жай тургун чыгарылды. Качкындар иштери боюнча Норвегия кеңешинин маалыматына караганда, Фаллужаны согушкерлерден бошотуу боюнча операция башталгандан бери шаардан 27 580 жай тургундар чыгып кетти. Айрым качкындар шаардан кетүү үчүн жоочулар ар бир адамдан 130 доллардан талап кылып жаткандыгын айтышкан.

Гуманитардык уюмдардын эсеби боюнча Фаллужада дагы кеминде 50 миң эл бар. БУУ болсо шаарда 90 миңге жакын адам таза суу менен азык-түлүккө муктаж болуп жатканын билдирген.

Ирак аскерлери Фаллужаны бошотуу операциясын 22-майда баштаган. Шаарды “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу 2014-жылдын январында басып алган болчу.

XS
SM
MD
LG