Линктер

жекшемби, 22-январь, 2017 Бишкек убактысы 00:12

Жумгалдагы адам өлтүрүү боюнча тергөө башталды


Жумгал районундагы Чаек айылында 11-июнда 56 жаштагы жаран киши колдуу болду. Нарын облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, маркумдун бычактан алган ондон ашык жаракаттан каза тапканы аныкталып, кылмышка шектүү катары Жумгал районунун жашоочусу, 1942-жылы туулган адам мас абалында кармалган. Окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Жумгал райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде иш козгоп, тергөө жүрүп жатат. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG