Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:28

Ысык-Көл облустук соту эки жыл бою өгөй кызын зордуктап келген кылмышкерге чыгарылган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Жогорку Соттон бүгүн кабарлашкандай, 42 жаштагы Нурлан Мамыев 2014-жылы 14 жаштагы өгөй кызын шаар четиндеги парктан зордуктап, эч кимге айтпоону талап кылып коркуткан. Кылмыштуу жоругун кийин да бир нече жолу кайталаган.

Каракол шаардык сотунун өкүмү менен ал 2015-жылдын 21-октябрында өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Облустук сот да бул өкүмдү күчүндө калтырды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG