Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

БУУ Орландо кыргынын сынга алды


Орландо кыргынын эскерүү.
Орландо кыргынын эскерүү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Орландодогу кумсалар клубундагы кыргынды сынга алып, “сексуалдык тандоосуна байланыштуу” адамдар тобуна жасалган чабуул деп атады.

Бул билдирүүнүн долбоорун АКШ сунуштап, Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюцияга киргизилди.

АКШнын Орландо шаарындагы 12-июндун түнүндөгү 49 адамды атып өлтүргөн адам буга чейин “Ислам мамлекети” террордук тобуна берилгенин айткан. Укук коргоочу уюмдар “Ислам мамлекети” террордук тобу кумсаларды ташбараңга алып, бийик имараттардан ыргытып, анан жазалоо учурундагы видеолорду интернетке жүктөшкөнүн айтышууда.

АКШнын БУУдагы миссиясынын башчысынын орун басары, элчи Дэвид Прессман резолюция кабыл алынардан мурдагы сөзүндө коомчулукту сексуалдык тандоосуна карабай, ар бир адамдын ар-намысын жана укугун биримдикте коргоого чакырды.

БУУнун маалыматында адамдар кумса болгону үчүн дүйнөнүн 74 өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

XS
SM
MD
LG