Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Казакстандын Ички иштер министри Калмуханбет Касымов 14-июнда Актөбө облусунда жана шаарында абал турукташканын билдирди.

Касымов 13-июндан тарта облустагы күчөтүлгөн коопсуздук күзөтү алынып, жергиликтүү тартип сакчылары демейдеги иш тартибине өткөнүн ырастады.

Актөбөдө 12-июнда террордук коркунуч жогорку – кызылдан орточо сары деңгээлге түшүрүлгөн.

Касымов Актөбө окуясынын күнөөкөрлөрү чабуулга чейин кандайдыр кайрылуу алышканын да кошумчалады.

- Алар батирде чогулганда өздөрүнүн имамынын кайрылуусун угушкан. Анда ал ыйык жихад жарыялагыла, бүгүн баштагыла деп айткан. Албетте, алар даярданышкан. Кайда, кантип барарын билишкен. Имам деп аталганы Сириядан болушу мүмкүн, - деди министр.

Касымовдун айтымында, 5-июнда курал-жарак дүкөндөрүнө жана аскер бөлүгүнө куралчан кол салгандар саны белгилүү болду. Ага ылайык, 45 адамдын 25и мылтык сатчу дүкөндөргө чабуул коюшкан.

Кол салуу жана аларды жок кылуу маалында 25 адам жок кылынган. Алардын 18и кылмышка шектүүлөр, калган үчөө аскер кызматкерлери, төртөө жай тургундар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG