Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Путин аскер күчтөрүн плансыз текшерүүнү буюрду


Орус аскерлери
Орус аскерлери

Орусия президенти Владимир Путин өлкөнүн Аскер күчтөрүн плансыз текшерүүнү буюрду. Коргоо министри Сергей Шойгу билдиргендей, күтүүсүз текшерүү армиянын “жоокердик жана мобилизациялык даярдыгын баалоо” үчүн зарыл.

Ошондой эле ал аскерлерди “түрдүү деңгээлдеги куралдуу чатактарды жана кризистик абалдарды” чечүүгө даярдоо абзелдигин кошумчалады. Текшерүү 22-июнга чейин уланат.

2014-2015-жылдары Орусия армиясын бир нече ирет күтүүсүз текшерип, машыгуу өткөргөн. Сентябрдагы “Центр-2015” аттуу иш-чараларга 100 миңдей аскер, 7 миң курал-жарак жана техника, 170 самолет жана 20 кеме тартылган.

Окуу-машыгуу Борбордук, Түштүк жана Батыш аскер округдарында да жүргөн. Ушундай маневрлардан кийин Украина бийлиги чек араларына жакын жерде орус аскерлери көбөйгөнүн, Донбасстагы кырдаал курчуганын билдирип келет.

Батыш өлкөлөрү машыгуулардын бат-баттан өткөрүлүп турушуна байланыштуу бир нече жолу тынчсыздануусун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG