Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Трамп айрым мусулмандарды АКШга киргизбөөгө чакырды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Республикачылар партиясынан АКШ президенттигине талапкерликке ат салышып жаткан Дональд Трамп айрым мусулмандарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу чакырыгын дагы кайталады.

Орландо кыргыны боюнча оюн билдирген Трамп Ооганстан, Пакистан жана Сирия жарандарына АКШга кирүүгө чек коюу керектигин айтты.

Трамп Твиттерге жазган билдирүүсүндө ал “радикал ислам терроризми” боюнча мурдатан айтканы оңунан чыгып атканын, Орландо башталышы экенин белгилеген.

Ошондой эле республикачы өлкө бийлигин алсыз деп атады. Президент Барак Обаманы кызматын таштоого, Демократтар партиясынан талапкерликке умтулган Хиллари Клинтонду жарыштан чыгууга чакырды.

12-июнда Орландо шаарындагы кумсалардын түнкү клубундагы ок атуулардан 49 адам каза тапты. 50дөн ашууну жаракат алышкан. Кылмышкер делген теги оогандык АКШ жараны Омар Матин полиция менен атышууда жок кылынган.

XS
SM
MD
LG